Ушул күнү ак сакалын жайкалткан нускалуу аталар, ак элечек, нарктуу энелер — сиздерге күжүрмөн эмгегиңиздер үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдиребиз. Кыргыз мамлекетибизди куруудагы сиздер түптөп кеткен жол — кийинки муундарга улуу сабак.
Улуу муунга дайыма урмат көрсөтүү биздин коомдун көөнөрбөс баалуулуктарынын бири. Баардыгыңыздарга чың ден-соолук жана бактылуу карылыкты каалайбыз!
ЖАШООНУН КӨРКҮ, ШАМЫ БАР,
ЖАЛЫНДАП КҮЙЧҮ ЖАГЫ БАР.
АГАРГАН ЧАЧЫ АК ЭМГЕК,
АЛ-БИЗДИН АЛТЫН КАРЫЛАР!
ТОКТОБОЙ ЖЫЛДАР АГЫЛААР,
БУТАГЫ, ШАГЫ ЖАЙЫЛААР.
АКЫЛЫ БИЙИК ДААНЫШМАН,
АЛ БИЗДИН СҮЙКҮМ КАРЫЛАР!
ҮЗҮЛБӨЙ УЗУН САБЫҢАР,
КЕТПЕСИН КҮНДӨЙ ТАБЫҢАР.
КУТМАНДУУ КҮНҮҢ КУТ БОЛСУН!
КҮМҮШ ЧАЧ БИЗДИН КАРЫЛАР!