
Кыргыз ССРинин Жогорку Совети тарабынан 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан сон кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Ошол күндөн бери, 23-сентябрь — кыргыз тил майрамы катары белгиленип келет. Улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон мамлекеттик тил майрамы – бул, улуттук майрам. Мамлекеттик тил – мамлекеттеги улуттардын ортосундагы байланыштын, пикир алышуунун куралы. Кыргыз тили – кыргыз тарыхы. Ал, кылымдан кылым ашып, эне тилибизде оозеки түрдө жаралган “Манас” эпосу аркылуу ата-бабадан урпактарга жетти. “Эне тили болбой, эл болбойт” дегендей, мына ушунун өзү эле эне тилибиздин ыйыктыгын, өлбөс-өчпөстүгүн, улуулугун, кадыр-баркын билдирет.
Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров «Кыргыз тили — улуттук иденттүүлүктүн негизи, улуттук наркыбыздын өзөгү, руханий азыктануубуздун булагы. Ата-бабаларыбыз бизге калтырган асыл мурас, келечек муундарга өткөрүп бериле турган ыйык аманат. Бул аманатты аткарууга баарыбыз милдеттүүбүз! Мамлекетти, көз карандысыздыкты коргоо кандай милдет болсо, тилди сактоо, коргоо жана өнүктүрүү дал ошондой болууга тийиш. Тил сүйлөбөсө дил сенек болот. Тил колдонулган учурда гана өнүгөт, өрчүйт. Эгемендүүлүк жылдары мамлекеттик тилибизди өнүктүрүү жаатында көп иштер жасалды, бирок аткарылуучу иштер андан да көп» – деген.
Мамлекеттик тилибиз — кыргыз тили Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башкы белгилеринин бири, кыргыз улутун улут кылып турган эң негизги касиети болуп саналат. Андыктан, тил саясаты мамлекеттик саясаттын ажырагыс, эң маанилүү бөлүгү болушу шарт.
Кыргыз тилибиздин түбөлүгү түз болсун, тилибиз түптүү элдин уюткулуу улуттун, өнүккөн өлкөнүн мамлекеттик тили катары жогорку деңгээлге көтөрүлүшүн каалайбыз.
Урматтуу мекендештер! Улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон — мамлекеттик тил майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!