20.03.2026

Келе жаткан кош майрамыңыздар менен урматтуу мекендештер!

Сиздерди Орозо айт майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бул ыйык күн ар бир үй-бүлөөгө тынчтык, береке, ынтымак жана кубаныч алып келсин.

Айт майрамы – бул жакшылыкка умтулуу, бири-бирибизге кечиримдүү, сабырдуу, кайрымдуу болуу жана жүрөгүбүздү тазартуу күнү. Ар бир жасаган жакшы ишиңиздер кабыл болсун, тилек-дубаларыңыздар орундалсын.

Ошондой эле, келе жаткан Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Нооруз – бул жаңы үмүттөрдүн, жакшы тилектердин башаты. Табият жанданып, жер бетине көк чыгып, береке кайтып келген бул күнү ар бириңиздердин үйүңүздөргө ынтымак, ырыскы, молчулук кирип араласын жана келечекке болгон үмүтүңүздөр жарык болсун!

Өлкөбүз ар дайым өнүгүү жолунда улана берсин!