“Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү” долбоору. 3-фаза”, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган. Бул долбоорду ишке ашыруу максатында, 2016-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкы ортосунда Каржылоо жөнүндө Макулдашууга кол коюлган жана бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 30-июнундагы № 117 Мыйзамы менен ратификацияланган.
Бул долбоордун алкагында, өлкөнүн энергетикалык тармагынын ачыктыгын жана финансылык жактан калыбына келтирүү максатында, 2019-2021-жылдарга карата Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы жана анын туунду компаниялары, анын ичинде “Кыргыз энергетикалык эсеп борбору” ААКнун консолидацияланган финансылык аудитин жүргүзүү компоненти каралган.
Бул иш-чаралар Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан бөлүнгөн гранттык каражаттардын эсебинен каралган. Компоненттин аткаруучу агенттиги – Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети эсептелинет.
Азия Өнүктүрүү Банкынын эрежелерине жана сатып алуулардын жол-жоболоруна ылайык өткөрүлгөн эл аралык сынактын жыйынтыгы боюнча, 2020-жылдын 8-январында Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети менен Бейкер Тилли Бишкек аудитордук компаниясы Эл аралык аудитордук стандарттардын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын энергетикалык компаниялардын финансылык отчётун көзкарандысыз текшерүүгө кол койгон, анын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык 2019, 2020 жана 2021 жылдын 31-декабрына чейин аныкталышы үчүн.
2020-жылдын 25-февралында “КЭЭБ” ААК менен “Baker Tilly Bishkek” ЖЧК ортосунда келишим түзүлгөн.