Белгилүү болгондой, КЭЭБ энергетикалык рыноктун бардык катышуучулары жана республика боюнча электр энергиясынын балансын түзөт.
Ошентип, КЭЭБ отчеттук документтердеги так маалыматтар үчүн жана электр энергиясынын бардык агымдарынын ачык-айкындуулугу боюнча талаптарды аткарууга жооптуу.
Учурда, бардык эсептөөлөрдүн ачыктыгын жана тактыгын камсыз кылуу максатында, КЭЭБ электр энергиясын өндүрүүчү ишканалар – чакан ГЭСтер менен келишим түзүү үчүн консультативдик жолугушууларды өткөрүп жатат.
Бүгүнкү күндө республикада жеке 9 чакан ГЭС бар: “Калининская ГЭС” ЖЧК, “Тегирментинские ГЭС” ЖЧК – Коңур-Олон ГЭС жана Көк-Сай ГЭС, “Марьям” ПШК, “АRК Строительная фирма” ЖЧК, “Найман ГЭС” ААК, “КСК” ААК, “Сателлит-2005 чакан ГЭС Кыргыз Ата”.
Чакан ГЭСтер электр энергия рыногунун толук кандуу катышуучулары болуп эсептелет жана электр энергиясын иштеп чыгуунун жана керектөөнүн бирдиктүү циклинде, энергетикалык ресурстардын диверсификацияланышына көмөктөшөт, ошондой эле жергиликтүү энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт.
Электр энергиясынын керектөө планын иштеп чыгууда, болжолдоолордун так болушу үчүн жана энергетикалык маалыматтардын тактыгын, ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, чакан ГЭСтердин маалыматтарын эске алуу керек.
Энергетика тармагын санариптештирүүнүн алкагында, электр энергия агымынын ачыктыгын камсыз кылуу үчүн энергетикалык компаниялар электр энергиясын коммерциялык эсептөө системасыy орнотуп, андан соң КЭЭБнун МДМ-системасына байлоо жумушун жасап жатышат.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, КЭЭБ Кыргызстандагы жеке чакан ГЭСтерди жалпы максаттарды ишке ашыруу үчүн кызматташууга үндөйт.