20.02.2025

КЭЭБ жөнүндө

ТАКТЫК, АЙКЫНДУУЛУК, ЖЕТКИЛИКТҮҮЛҮК

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен Кыргыз энергетикалык эсеп борборун (КЭЭБ) түзүү долбоору кабыл алынган. КЭЭБ ААКун түзүү Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланып, ошондой эле долбоордун жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн стратегиясы менен дал келет. Долбоордун алкагында КЭЭБ алгачкы түзүлүүсүнө  Азия Өнүгүү Банкы Кыргызстанга  3 млн. АКШ долл. каржы бөлүп берген. КЭЭБ түзүүдө консультант адис катары, Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан энергетика жаатындагы эл-аралык консалтинг компаниясы Brivus AG (Швейцария) тандалып алынган. Комапниянын консультанттары КЭЭБ түзүүдө масштабдуу жумуш аткарышып, долбоорго тартылган бардык тараптардагы иштерге катышып техникалык жана институттук колдоо көрсөтүштү.

КЭЭБ, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги бекитип берген тариф боюнча электр энергия рыногунун катышуучулары менен болгон келишимдин негизинде кызмат көрсөтөт жана алардын төлөмдөрү менен каржыланат.

Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 19-юлунан, №145 “Электроэнергетикасы жөнүндө” мыйзамына ылайык,  КЭЭБ борборлоштурулган маалыматты иштетүү тутумунун жардамы менен электр энергиясынын агымы, жоготуулары боюнча берилген маалыматтын тактыгын аныктоо, электр энергиясынын балансын түзүү боюнча жана ошондой эле электр энергия рыногунун катышуучуларынын ортосундагы өз ара эсептерди талдоо жана эсептерди аткаруу кызматын көрсөтүүчү өз алдынча мекеме болуп саналат.

КЭЭБ ААКнун максаты:

  • кыргыз Республикасынын электр энергия рыногунун катышуучуларынын арасындагы өз ара мамилесин жакшыртуу;
  • электр энергия секторундагы айкындуулукту күчөтүү;
  • электр энергия рыногунун катышуучуларынын жумушун жөнгө салуу жана алардын өз ара эсептөө системасын жакшыртуу.


“КЭЭБ” ААКнун жумушу төмөнкү негизги кызматтар менен камсыз кылуу болуп саналат:

  1. Электр энергия рыногундагы жалпы электр энергияны эсептөө системасы боюнча бардык маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу.
  2. Божомолдуу жана айкын энергетикалык балансты түзүү.
  3. Электр тармактарындагы электр энергиясынын жоготууларын айкындоо жана чектөө.
  4. Электр энергиясынын дүң рыногундагы эки тараптуу макулдашууларды эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү.
  5. Жалпы рыноктун катышуучуларына орнотулуп жаткан жалпы электр энергиясынын коммерциялык эсептөө системасына (ЭЭКЭС) болгон милдеттүү түрдө аткарыла турган талаптарды иштеп чыгуу.
  6. Электр энергиясынын дүң рыногунун катышуучуларына, акционерлерге, ошондой эле энергетикалык саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигине отчетторду тапшыруу.

“КЭЭБ” ААКнун маалымат менен камсыз кылуучу негизги куралы катары энергетикалык маалыматтарды башкаруу системасы Metering Data Management System – (андан кийин МДМ-системасы) болуп эсептелинет.

МДМ-системасы эл аралык электротехникалык комиссиясынын стандарттарына ылайык, электр энергиясынын рыногунун катышуучуларынын келечектеги жана азыркы учурдагы ЭЭКЭС жана МТ-системалары менен биригүү жөндөмүнө ээ, ошону менен бүтүндөй энергетика тутумунундагы электр энергияны эсептөөнү натыйжалуу жана заманбап башкаруу үчүн “КЭЭБ” ААКун  мыкты курал менен камсыз кылат.

 “КЭЭБ” ААКда далилдүү электр агымынын негизинде жүргүзүлгөн эсептөөлөр, рыноктун катышуучуларынын ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн негиз катары кызмат кылат. Отчеттор рыноктун катышуучуларына жана жалпы коомчулукка жеткиликтүү болот. Ошентип, өлкөнүн энергетикалык тутумунун ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу болуп саналат.

Заманбап маалымат-коммункациялык технологиялардын өнүгүүсү жана электр энергиясынын рыногунда келечекте жаңы катышуучулардын пайда болушу менен өлкөнүн энергетика тармагын модернизациялоо алкагында электр энергия рыногун өнүктүрүү озгөчө маанини түзөт, аны заманбап, комплекстүү жана балансташкан укуктук жөнгө салуусуз элестетүү мүмкүн эмес.

Ошентип, “КЭЭБ” ААКнун жумушу Кыргыз Республикасынын электр энергиясынын рыногунун катышуучуларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана жалпы энергетика тармагынын абалын  жакшыртууга багытталат.