21.11.2026

КЫЗЫКЧЫЛЫК БИЛДИРҮҮГӨ СУРОО-ТАЛАП

«Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 3-фаза» долбоору (Долбоордун номери: 49013-002)

Консультациялык кызматтарды сатып алуу

«Кыргыз энергетикалык эсептешүү борбору» ААКтын (КЭЭБ) борборлоштурулган маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу системасын (MDM системасы) модернизациялоо жана кеңейтүү боюнча

КЫЗЫКЧЫЛЫК БИЛДИРҮҮГӨ СУРОО-ТАЛАП

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 3-фаза» (TRP-3) долбоорунун максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууну колдоо үчүн Азия өнүктүрүү банкынан (АӨБ) каржылоо алган жана бул каражаттардын бир бөлүгүн келишим боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүгө багыттоону көздөйт. Ушуга байланыштуу кызыкчылык билдирүүгө ушул суроо-талап жарыяланат.

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги (КР ЭМ) «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 3-фаза» долбоорунун алкагында «Кыргыз энергетикалык эсептешүү борбору» ААКтын (КЭЭБ) борборлоштурулган маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу системасын (MDM системасы) модернизациялоо жана кеңейтүү боюнча кызмат көрсөтүүгө кызыкдар жана белгиленген талаптарга жооп берген уюмдарды кызыкчылык билдирүүгө чакырат.

3. Кызыкдар компаниялар келишимди аткарууга карата өздөрүнүн квалификациясын тастыктаган маалыматтарды англис тилинде, орус тилиндеги көчүрмөсүн тиркөө менен берүүгө тийиш. Маалыматтар компания жөнүндө жалпы маалыматтарды, ошондой эле тиешелүү тармактагы иш тажрыйбасын тастыктаган аткарылган иштердин портфолиосун камтууга тийиш.

Консультанттардын кыска тизмесине (шорт-листке) киргизилүү үчүн компания төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:

  • Борборлоштурулган маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу системаларын же ушул сыяктуу маалыматтык технологиялар жана автоматташтыруу системаларын модернизациялоо жана кеңейтүү жаатында кеминде 10 жылдык жалпы иш тажрыйбасы — 20%;
  • Акыркы 5 жыл ичинде окшош же салыштырмалуу кызматтарды көрсөтүү боюнча кеминде бир келишимди аткаргандыгын тастыктаган документтердин жана иш тажрыйбасынын болушу, артыкчылык энергетика тармагындагы тажрыйбага берилет — 60%;
  • Компаниянын өлкөдө же региондо иш тажрыйбасынын болушу же өлкөдө өкүлчүлүгүнүн/катышуусунун болушу — 20%.

4. Компанияларды тандоо Азия өнүктүрүү банкынын Консультанттарды тартуу боюнча колдонмосунда (2013-жыл, мезгил-мезгили менен киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен) белгиленген, АӨБ тарабынан каржыланган «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 3-фаза» долбооруна карата колдонулуучу жол-жоболорго ылайык жүргүзүлөт.

5. Кызыкдар компаниялар кошумча маалыматтарды, ошондой эле Техникалык тапшырма (Terms of Reference, ToR) менен АӨБдүн Консультанттарды башкаруу системасынан (Consultant Management System, CMS) төмөнкү шилтеме аркылуу тааныша алышат:

https://selfservice.adb.org/OA_HTML/OA.jsp?OAFunc=XXCRS_CSRN_PROFILE_PAGE&csrnKey=3A49A15187F8259A85FFE79F60798DDE56DD9AD588EAC62AD2F3199761D2AD6E&fromDER=Y&refresh_csrn=true

6. Кызыкчылык билдирүүлөр жана аларга тиркелүүчү зарыл болгон тастыктоочу документтер АӨБдүн Консультанттарды башкаруу системасы (CMS) аркылуу 2026-жылдын 4-декабрында Манила убактысы боюнча саат 23:59дан кечиктирилбестен тапшырылышы керек.