
Сатып алуулар боюнча адис өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, коомдун уставын, ушул Жобону, мыйзамдык жана нормативдик-укуктук актыларды жетекчиликке алат.
Негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
Коомдун түзүмдүк бөлүмдөрүн материалдык-техникалык ресурстар менен камсыз кылуу;
Коомдо материалдык-техникалык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууну уюштуруу;
Коомдун муктаждыктары үчүн товарларды жеткирүүгө, жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө заказдарды жайгаштырууга конкурстарды өткөрүүнү уюштуруу;
Коомдун муктаждыктары үчүн товарларды жеткирүүгө, жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө контракттарды түзүүнү жана аткарууну уюштуруу;
Сатып алынуучу товарлардын натыйжалуу автоматташтырылган эсебин жүргүзүү жана сатып алуу ишинин жүрүшүндө келип чыккан башка маалымат агымдарын колдоо;
Материалдык-техникалык ресурстардын кыймылын эсепке алуу; Сатып алынуучу товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын мониторингин жүргүзүү;
Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык сатып алууларды жүргүзүү боюнча уюштуруу иштерин жана жол-жоболорду (анын ичинде алардын методун аныктоону) жүзөгө ашырууга.