26.04.2025

Метрологиялык камсыздоо бөлүмү

Метрологиялык камсыздоо бөлүмүнүн негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

  • Коом үчүн автоматташтырылган эсепке алуу системаларынын талаптарын сактоого багытталган сунуштарды, талаптарды жана ички документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу, анын ичинде:
  • Эсепке алуу чекиттеринин жайгашуу схемасы, эсептегич приборлордун жана өлчөө системаларынын минималдуу техникалык талаптары жана функционалдык мүнөздөмөлөрү;
  • Автоматташтырылган эсепке алуу системасы аркылуу баштапкы эсептөө приборлорунун көрсөткүчтөрүнө жана окуяларды каттоо журналдарына түз жетүүнү камсыз кылуу;
  • Борборлоштурулган маалыматтарды чогултуу жана иштетүү системасына маалыматтарды жыйноо үчүн тутумдар аралык өз ара аракеттенүү;
  • Коомдун ишмердүүлүгүнө ылайык өлчөөлөрдүн биримдигин жана талап кылынган тактыгын камсыз кылуу;
  • Метрологиялык камсыздоо боюнча негизги багыттарды аныктоо, иштерди координациялоо жана аткаруу менен так, ишенимдүү жана салыштырууга мүмкүн болгон өлчөөлөрдү камсыз кылуу;
  • Заманбап өлчөө ыкмаларын жана каражаттарын (өлчөө техникасын), автоматташтырылган көзөмөл-өлчөө жабдууларын, өлчөө-маалыматтык системаларын, комплекстерин жана эталондорун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
  • Өлчөөлөрдүн биримдигин камсыздоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана алардын аймактык түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүү;
  • Чек ара аралык жана тутум аралык электр берүү линияларындагы электр энергиясын эсепке алуу каражаттарынын жана АСКУЭнин иштешин көзөмөлдөө;
  • Электр энергиясын берүүдө метрологиялык камсыздоо боюнча усулдук жетекчилик кылуу, координациялоо жана иштерди жүзөгө ашыруу.