04.07.2025

Кыргыз энергетикалык эсеп борбору (КЭЭБ) кандай максатта түзүлгөн?

?‍??‍?КЭЭБнун негизги максаты – Кыргызстандын энергетика тармагында тактыкты, айкындуулукту жана жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу. Электр энергиясынын перетоктору жана жоготуулары жөнүндө маалыматтарды чогултуу, иштетүү, текшерүү, талдоо, электр энергиясынын балансын түзүү, электр рыногунун бардык катышуучулары үчүн эсептөөлөрдү жүргүзүү жана электр рыногунун катышуучуларынын ортосундагы эсептешүүлөрдү көзөмөлдөө.
✅Ошентип, КЭЭБнун иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын электр энергиясы рыногунун катышуучуларынын өз ара аракеттешүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана бүтүндөй энергетика тармагынын абалын жакшыртууга багытталат.