Ардактуу мекендештер!
Кирип келген жаздын, жаңылануунун, тынчтыктын жана достуктун майрамы – Нооруз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Жер жарылып көк чыккан, күн менен түн теңелген ушул касиеттүү күндү ата-бабаларыбыз эзелтен ыйык тутуп, бири-бирине жаңы күн, тунук пейил, жакшы тилек тилеп келген.
Нооруз – бул табияттын жаңылануусу. Жер кулупуруп жаз келген улуу майрам. Нооруз – адам жандүйнөсүн тазартууга, жаман адаттан арылууга, адамдарды бири-бирине кечиримдүү болууга, бири-бирин кечире билүүгө үндөгөн майрам!
Бул күнү ар бирибиз келечектен жакшы үмүттөрдү тилеп, өлкөбүздө тынчтык, биримдик, журтубуздун ден-соолугу чың болсун деп жакшы ниетти ыроолойбуз.
Нооруз майрамыбыз элибиздин ынтымагын чыңдап, биримдигин бекемдеп, жаратман эмгегинин ырыскысын берсин. Үй-бүлөңүзгө жакшылык, бакубат жашоо, бакыт-таалай алып келсин!
Нооруз майрамыңыздар менен!
