Энергетика тармагында, башка тармактарга салыштырмалуу, технологиялык процесстер керектөөчүлөргө электр энергиясын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү жеткирүү үчүн автоматташтыруунун жогорку деңгээлине ээ.
Энергетиканы өнүктүрүүнүн негизги багыттары “энергетика тармагындагы процесстерди санариптештирүүгө” өтүү жана заманбап технологияларды киргизүү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын энергетикалык тутумундагы актуалдуу маселелердин бири болуп өлкөнүн энергетикалык тутумундагы электр энергиясынын жана жоготуулардын балансын эсептөө үчүн зарыл болгон аналитикалык маалыматтарды чогултууда максималдуу тактыкка жана ачыктыкка жетишүү үчүн электр энергиясын коммерциялык эсептөө системасын (ЭЭКЭС) толук ишке киргизүү саналат.
Ушуга байланыштуу ири өнөр жай ишканаларынын дистрибьютордук компанияларында жана жеке бөлүштүрүү компанияларында орнотулган бардык ЭЭКЭС системаларын КЭЭБ ААКнын MДМ-системасына интеграциялоо зарылдыгы келип чыгат. КЭЭБ ААКнын метрологиялык камсыздоо секторунун кызматкерлери өз алдынча, бир нече подстанцияларды ушул тутумга туташтыруу боюнча иштерди жүргүзүштү:
- 110/10 кВ «Ак-Ордо», 110/35/10 кВ «Тепличная» “НЭСК” ААК
- 35/10 кВ “Ачикеева” “Чыгышэлектро” ААК
- 110/10 кВ “Алтынкен” “Глобал Энерджи” ЖЧК
Жогорудагы объекттерден электр энергиясынын көрсөткүчтөрү 30 мүнөттүк аралыкта маалымат базасына жөнөтүлөт, андан кийин MDM тутумуна орнотулган WillFar 98 программасы электр линиялары, участоктор, түйүндөр, подстанциялар ж.б. боюнча күн, декада жана ай контекстинде электр балансын эсептейт.
Келечекте 35 кВ көмөк чордонундагы жана РЭКтеги ТП – 10 / 6-0,4 кВ ЭЭКЭС системаларын МДМ-системасына улоо менен киргизүү пландаштырылууда.