20.02.2025

«Кыргыз энергетикалык эсеп борбору» ачык акционердик коомунун акционерлеринин кезексиз жыйынынын жыйынтыктары.

Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

  1. Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
  2. “КЭЭБ” ААКнын уюштуруу түзүмүнө жана штаттык курамына киргизилген өзгөртүүлөрдү бекитүү жөнүндө

  Төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

  1. Эсептөө комиссиясына көз карандысыз адистештирилген каттоочу “Фондрегистр” ЖЧКнун өкүлү Жончороева Нургүл Сейтбековнаны бекитүү.
  2. “КЭЭБ” ААКнын уюштуруу түзүмүнө жана штаттык бирдигине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү бекитүү.