20.02.2025

Ак калпак күнү менен!

Чынгыз Айтматов өз сөзүндө: “Асмандан жарык корсон жылдыз деп бил. Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил” деген.  Илимпоз, этнограф Лев Гумилев: “Калпак тоолорго, боз үйгө жана ошол эле учурда Египет пирамидаларына окшош” деген экен. Ак калпак биздин эл үчүн өзгөчө мааниге ээ. Ак сөзүнүн өзү ар дайым ыйыктыктын жана тазалыктын символу. Калпак – бул өткөн кылымдардан бери көчмөн кыргыздардын, ак кийизден жасалган, кара же кызыл сызыктар менен өрүлгөн, эркектердин салттуу баш кийими.

Ар бир үйдө тынчтык орносун, өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүшү үчүн элдин ынтымагы жана биримдиги бекем болсун!

Майрамыңыз менен!