20.01.2025

Кыргыз Республикасынын энергетика тутумунун 85 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага энергетикалык компаниялардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты. Чакырылган коноктор энергетиктерди жана ардагерлерди мааракеси жана Энергетика күнү менен куттукташты.

Өлкөнүн энергетикалык тутумун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, үзүрлүү кызматкерлер КМШнын Энергетика кеңешинин ардак грамоталары, ведомстволук сыйлыктар жана “КМШнын эмгек сиңирген энергетиги” деген ардактуу наамга ээ болушту.

КМШнын Электр энергетикалык кеңешинин чечими менен:

КМШга мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн “KЭЭБ” ААКнун договорлор жана мониторинг секторунун башчысы Акматалиева Нурзада Мыктыбековна КМШнын Электр энергетикалык кеңешинин Ардак грамотасына ээ болду.

Сыйлыктар боюнча комиссиянын чечимине ылайык, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы Жаныбеков Бапа Раевичти – “KЭЭБ” ААКнун башкы директорунун биринчи орун басары “Тармактын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн” Ардак белгиси менен сыйланган.

Орозахунов Болотбек Кыргызбаевич – “КЭЭБ” ААКнун энергетикалык баланс жана жоготуулар бөлүмүнүн адиси “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКнын Ардак грамотасы менен сыйланды.