20.02.2025

Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри “КЭРЦ” ААКда иш сапары менен болду

Бүгүн, 27-майда,  КР энегетика жана өнөр жай министри Турдубаев Кубанычбек Апышевич жана Улуттук энергетикалык холдингдин Башкармалыгынын Төрагасы Сыдыков Бакыт Муканалиевич баштаган делегация “КЭЭБ” ААКда иш сапары менен болду.

“КЭЭБ” ААКнун Башкы дирекциясы эсеп борборунун толук кандуу иштешине жумшалган жумуштар жөнүндө айтып берди. Алдыга коюлган жалпы максаттарды ийгиликтүү жана тез арада жүзөгө ашыруу үчүн Кыргызстандын энергетикалык компанияларынын ортосундагы мамилелердин тыгыз болуусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Иш сапардын жүрүшүндө делегация ар бир бөлүмдүн ишмердүүлүгү менен таанышып, сервердик бөлмөнү көрүп, ошондой эле MDM тутумунун (Meter Data Management System) иштөө принцибин көрүштү.

Кыргызстандагы электр энергиясынын дүң рыногун өнүктүрүүнүн келечеги, компаниянын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана алдыдагы пландар жөнүндө маселелер талкууланды.

Маалымдама: Кыргыз энергетикалык эсеп борбору электр энергиясынын агымы жана жоготуулары жөнүндө маалыматты борборлоштуруу, баланс түзүү жана электр энергия рыногунун бардык катышуучулары үчүн эсептөөлөрдү жүргүзүү максатында түзүлгөн. Бул борбордун милдети – республиканын электр энергетикалык рыногунун катышуучуларынын өз ара ишин иретке келтирүү жана бирдиктүү эсептешүү тутумун киргизүү жолу менен өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү.