12.04.2024

Бүгүн энергетик күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага энергетикалык компаниялардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты. Чакырылган коноктор энергетиктерди жана ардагерлерди мааракеси жана Энергетика күнү менен куттукташты.

Өлкөнүн энергетикалык тутумун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, үзүрлүү кызматкерлер КМШнын Энергетика кеңешинин ардак грамоталары, ведомстволук сыйлыктар жана “КМШнын эмгек сиңирген энергетиги” деген ардактуу наамга ээ болушту.

КМШнын Электр энергетикалык кеңешинин чечими менен:

КМШга мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн “KЭЭБ” ААКнун энергобаланс жана электроэнергия жоготуу бөлүмүнүн адиси Мамытов Марат Абдыбарович КМШнын Электр энергетикалык кеңешинин Ардак грамотасына ээ болду.

“Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКнын сыйлыктар боюнча комиссиясынын чечимине ылайык:

Алымбубаева Батма Бекатовна – энергобаланс жана электроэнергия жоготуу бөлүмүнүн адиси, “Тармактын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн” ардак белгиси менен сыйланды.