Урматтуу ардагерлер! Урматтуу кесиптештер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Баарыбыз үчүн 22-декабрь календардагы өзгөчө күн.
Энергетиктер күнү – бул өз өмүрүн оор, бирок өтө маанилүү ишке – жылуулук жана электр энергиясы менен камсыз кылууга арнагандардын майрамы. Жаш энергетик, инженер, изилдөөчү же топ-менеджер болобу, өзүн энергетика тармагына арнаган адамдын эмгеги биздин өлкөгө бирдей зарыл.
Кантсе да, энергетиктердин талыкпаган эмгегинин натыйжасында ар бир жараныбыздын үйүндө жарык жана жылуулук бар.
Тармактын ардагерлерин өзгөчө куттуктайбыз – сиздер ишке ашырган ири долбоорлор биздин өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуунун негизи болуп саналат. Мындан ондогон жылдар мурун курулган энергетикалык объектилер дагы деле болсо электр тутумунда ишенимдүү иштеп жатат.
Энергетика тармагында эмгек кылган бардык кесиптештерибизге чың ден-соолук, жаңы өндүрүштүк жетишкендиктерди жана бардык иш-аракеттериңиздин ийгиликтүү аякташын каалайбыз.
Энергетика тармагыбыз өлкө ичинде гана эмес, чет өлкөлөрдө дагы позициясын бекемдеп, өнүгө берсин!