20.02.2025

Кыргызстанда электр энергиясын керектөөнүн кескин өсүшү байкалууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги №210 токтомуна ылайык, күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн РЭКлар үчүн электр энергиясын керектөөнүн лимиттери белгиленген.

Бүгүнкү күндө Кыргыз энергетикалык эсеп борбоу (КЭЭБ) тарабынан жүргүзүлүп жаткан керектөө талдоосу көрсөткөндөй, 2020-жылдын 5-октябрынан тартып, электр энергиясын керектөөнүн кескин өсүшү байкалган, белгиленген лимиттен ашып кеткен. Муну КЭЭБнун отчеттук материалдарынан алынган маалыматтар тастыктайт.

Чектен ашкан керектөөсүнүн көбөйүшүнүн мындай тенденциясы Токтогул суу сактагычынан суунун ашыкча пайдалуу агып чыгуусуна алып келет, бул дарыядагы агымдын аз болуу шартында жагымсыз жагдай.

Суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануунун натыйжалуу чарасы республиканын бардык керектөөчүлөрү тарабынан электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын энергетикалык тутумунда электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөө чегинин аткарылышы жөнүндө маалымат ОТЧЕТТОР