
Каржы анализи жана бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн негизги милдеттери бул:
. Бухгалтердик отчеттуулукту пайдалануучу – жетекчилике, пайдалануучуга, уюштуруучуларга, ишкананын мүлкүнүн ээлерине жана катышуучуларына, ошондой эле сырткы инвесторлорго, кредиторлорго жана башка бухгалтердик отчеттуулукту пайдалануучуларга ишкананын ишмердүүлүгү боюнча так жана толук кандуу маалымат даярдоо.
. Сырткы жана ички бухгалтердик отчетту пайдалануучулары Коом тарабынан жүргүзүп жаткан чарба операцияларын анын максатка ылайыктуусу, милдеттенме, мүлктүн кыймылы жана бардыгы, смета жана бекитилген ченемдерге ылайык каржы, эмгек ошондой эле материалдык ресурстарды пайдалануусун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө үчүн маалымат менен камсыз кылуу.
. Ички чарбалык булактарды аныктоо, анын каржы туруктуулугун камсыз кылуу, ошондой эле Коомдун чарбалык ишмердүүлүгүнүн терс көрсөткүчтөрүн алдын ала жоюу.