15.06.2025

Жетекчинин катчысы

Жетекчинин катчысы өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Коомдун Уставын, ушул Жобону, корпоративдик башкарууну жөнгө салуучу мыйзамдык жана ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алат.

Негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • Коомдун башкы директорунун администрациялык-тескөөчү ишин уюштуруу-техникалык камсыздоо боюнча ишти жүзөгө ашыруу;
  • Коомдун корпоративдик башкаруусун жүргүзүү;
  • Ишкананын кызматкерлери тарабынан чыгарылган буйруктардын жана анын аткарылышын, ошондой эле көзөмөлдөгө алынган ишкананын жетекчисинин көрсөтмөлөрүн жана тапшырмаларын аткаруу мөөнөттөрүн сактоо.