“КЭЭБ” ААКнун толук кандуу иштеши электр энергиясынын агымына жана дүң соода ишин жүргүзгөн тараптардын ортосундагы ачык-айкын эсептешүүлөргө, рынок шартында энергия субъектилеринин, керектөөчүлөрдүн жана мамлекеттин ортосундагы мамилелер тутумунун түзүлүшүнө, электр энергиясынын коммерциялык жана техникалык жоготууларынын төмөндөшүнө, энергетикалык компаниялардын кирешелеринин жана мамлекеттин казынасына салыктын көбөйүшүнө алып келет. Ошондой эле энергетика тармагындагы бюджеттин тартыштыгын азайтуу.