03.09.2025

2020-жылдын 10-июнунда «Кыргыз Энергетикалык Эсеп Борбору» ААКнын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу болуп өттү.

Чогулуш кворуму – 100%

Акционер «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК төмөнкү чечимдерди кабыл алды:

1.1. Акционерлердин жылдык жалпы чогулушунун эсептөө комиссиясынын милдеттерин эсептөө комиссиясынын төрагасы – “Фондрегистр” ЖЧКнын өкүлү Джеенчороева Н.С. жүктөлсүн.

2.1. Башкы дирекциянын Компаниянын 2019-жылга финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчету жактырылсын.

3.1. Коомдун көзкарандысыз аудиторунун 2019-жылга корутундусун бекитүү.

4.1. Компаниянын Ревизиялык комиссиясынын 2019-жылга корутундусу бекитилсин.

5.1. Башкы дирекциянын Коомдун 2019-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жактырылсын.

6.1. Компаниянын 2019-жылга жылдык бухгалтердик балансы, кирешелери жана чыгымдары жөнүндө отчету бекитилсин

7.1. Компаниянын 2019-жылдагы кирешесин бөлүштүрүүнүн төмөнкү тартиби бекитилсин:

– Таза пайдадан 25% дивидендге жумшоо – 186 844,76 сом.

– Бир жөнөкөй акцияга дивиденддин суммасы – 186.84476 сомду түзгөн.

– Дивиденддерди төлөө формасы – накталай.

– Дивиденддерди төлөп берүүчү жер – Бишкек шаары, Жибек Жолу пр. 326.

– Дивиденддерди төлөп берүү күнү – 2020-жылдын 10-июлу.

– Дивиденддерди алууга укуктуу акционерлердин тизмесиндеги күн – 2020-жылдын 10-майы.

8.1. Коомдун 2020-жылга жылдык бюджети бекитилсин.

9.1. Коомдун ревизиялык комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу:

1.Алтынбекова Зарема Алтынбековна;

2.Алимбеков Жаныбек Чимбердиевич;

3.Хасенова Гульнара Идрисовна.

10.1. Коомдун ревизиялык комиссиясынын курамын шайлоо:

1.Алтынбекова Зарема Алтынбековна;

2.Алимбеков Жаныбек Чимбердиевич;

3.Хасенова Гульнара Идрисовна.