Ардактуу ардагерлер жана Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучулары, майдандын эмгекчилери!
Кыргыз энергетикалык эсеп борборунун жалпы жааматы сиздерди Жеңиш Күнү майрамы менен куттуктайбыз!
1945-жылдын 9-майындагы унутулгус күндөн бери 75 жыл өттү, бир нече муун өзгөрдү. Бирок ошол жылдардагы окуялар дагы эле ар бирибиздин жүрөгүбүздү козгойт, анткени бул согуштун тарыхы адамдын тагдырында чагылдырылган.
Бүгүн биз жаш муундарга армиябыздын жоокерлеринин жана командирлеринин даңазалуу эрдиктери, жумушчулардын күнүмдүк жашоосу жөнүндө окуяларды айтып тарбиялап жатабыз. Бул тарых, рухий мурас биздин жалпы сыймыгыбыз жана жаңы жетишкендиктерге негизибиз.
Сиздерге чың ден-соолук, бакубат жашоо, башыңыздын үстүндө ачык асман каалайбыз! Өлкөбүздү коргогон бардык ардагерлерге жана майдандагы эмгекчилерге таазим, бизге өз мекенибизде тынч жашоого мүмкүнчүлүк бергениңиздер үчүн чоң рахмат жана терең таазим!
Улуу Жеңиш күнү менен!