Кыргыз Республикасындагы COVID-19 кырдаалына байланыштуу, өлкөнүн кээ бир райондорунда жана шаарларында өзгөчө абал режими жарыяланды.
Жаңы коронавирустук инфекциянын жайылышына жол бербөө максатында, КЭЭБ жетекчилиги кызматкерлерди алыстан иштөөгө жөнөтүүнү чечти.
Башкы дирекция жана10 кызматкер штаттык режимде иштейт.
Биздин компаниянын өзгөчөлүктөрүнө ылайык, биз кеңсенин чегинен тышкары негизги иш-кызматыбызды жүргүзө алабыз, бул функция Metering Data Management System (MDM тутуму) деп аталган энергияны башкаруу тутумун колдонуу менен камсыз кылынат. Тактап айтканда, MDM тутуму электр энергиясынын рыногундагы электр энергиясын эсептөө боюнча бардык эсептөө системаларынан маалымат чогултууга жана иштеп чыгууга мүмкүндүк берет, иштелип чыккандан кийин, болжолдонгон жана иш жүзүндөгү электр энергиясынын балансы даярдалат. Бардык отчеттор электр рыногунун катышуучуларына жана коомчулукка ачык берилет.