28.04.2025

Энергетиктер COVID-19 менен күрөшүү үчүн 7 миллион сом которушту.

Өлкөнүн 10 энергетикалык компаниясынын кызматкерлери

– “Улуттук энергетикалык холдинг” ААК

– “Электр станциялары” ААК

– “Кыргызстандын Улуттук Электр Тармагы” ААК

– “Кыргыз энергетикалык эсептешүү борбору” ААК

– “Чакан ГЭС” ААК

– “Бишкекжылуулук” ААК

– “Түндүк электр” ААК

– “Чыгыш электр” ААК

– “Жалалабатэлектро” ААК

– “Ошэлектро” ААК

коронавирус илдети менен күрөшүү үчүн бир күндүк айлык акысын которушту.

Өлкөдөгү бардык энергетикалык компаниялардын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустун жайылышына каршы күрөштө өз салымын кошууну чечишти.

Өнөр жай кызматкерлери Республикалык штабдын, тиешелүү мамлекеттик органдардын, медициналык кызматкерлердин, ошондой эле бардык жарандардын аракеттерин колдоп, коронавирус менен күрөшүү үчүн бир күндүк эмгек акысын 7 миллион сом которушту.