26.04.2025

Энергетиктер күнү менен!

КЭЭБ бардык энергетиктерди жана ардагерлерди кесиптик майрамы жана Кыргыз Республикасынын Энергетикалык Системасынын 85 жылдык майрамы менен куттуктайт!

20-декабрь Энергетиктер күнү майрамынын урматына биздин компаниянын мыкты кызматкерлери сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин  чечими менен Ардак грамотасы Асанкожоева Надира Бектуровнага – «КЭЭБ» ААКнун Административдик-экономикалык секторунун башчысы.

«КЭЭБ» ААКнун башкармалыгынын чечими менен

Демилгелүүлүктү жана чечкиндүүлүктү көрсөткөндүгү үчүн , татаал милдеттерди ыкчам чечкендиги жана жумушка ак ниет мамилеси үчүн төмөнкүлөр «КЭЭБ» ААКнун Ардак Грамотасы менен сыйланышты:

Балтагазиев Замир Медербекович – “КЭЭБ” ААКнун Энергетикалык баланс жана жоготуулар бөлүмүнүн башчысы;

Карымшакова Марина Темирбековна – «КЭЭБ» ААКнун Энергетикалык баланс жана жоготуулар бөлүмүнүн адиси;

Урматтуу кесиптештер, сиздерге жаңы кесиптик жетишкендиктерди, өзүнө ишеним, туруктуулукту жана өркүндүүлүктү  каалайбыз!